Жаңылыктар
Ош шаарынын мэри балдардан үйүнө барып кабар алып, белектерин тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын мэри балдардан үйүнө барып кабар алып, белектерин тапшырды

Кечээ, 28-декабрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Жаңы жыл майрамы менен жеринен куттуктап, белектерин тапшырып келди.

Шаар башчысы ар бир бала жаңы жылда белек күтөөрүн айтып, келечекте балдар үчүн түзүлүүчү шарттарды бүгүндөн башташ керектигин билдирди. “Балдар биздин келечек. Элдин жүгүн алган соң тынымсыз кызмат кылып, аларга көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Учурда балдардан жеке өзүм кабар алып, аларга жаңы жылдык белектерди тапшырып жүрөбүз. Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалар да шаардагы каттоодо турган балдардан кабар алып, белектерин беришет. Кырдаалга байланыштуу жылдагыдай көп баланы топтоп салтанат өткөрүлгөн жок. Айрым балдардын белектери үйлөрүнө жеткирилип жатат”-деди Т.Сарыбашов.

Шаар мэри Айданага билим алуусуна шарт түзүү максатында стол отургучу менен тапшырып, таттууларды белекке берди. Балдардын суранычы менен жеке өзүнүн атынан компьютер белекке берет.

Амантурга да белектерин берип, жеке үй-бүлөсүнө колдонуу үчүн буюмдарды, азык-түлүк алып келип берүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр үчүн көп кабаттуу үй салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирип, мүмкүнчүлүккө жараша жардам берээрин кошумчалады.

Ош шаарында 1,2,3-топтогу майыптыгы бар 970 бала бар. Алар мамлекет тарабынан 4000 сомдон жөлөк пул алып турушат. Мындан тышкары, балдарды үйүнөн карап жаткан 260 ата-эне 5000 сомго жакын жөлөк пул алышат. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясы тарабынан да мүмкүнчүлүккө жараша жардам берилип турат.

Мэрия тарабынан ата-энеси жок балдарга, мүмкүнчүлүгүнөн чектелген жана мектепте жакшы окуган жалпы 500дөй балага жаңы жылдык белектер таркатылууда.

Мэрге алмыштан ашуун бала жаңы жылдык белек сурап кат жазган.