Жаңылыктар
Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иши
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иши

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө бийликтин сот бутагынын өкүлдөрү болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши кылмыш иши боюнча өз позициясын алдын ала аныктап алганы айтылат. Ал эми Соттор кеңеши атайын кызматтын аракеттерин судьяларга карата басым деп сыпаттоодо.