Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозымчак кенин иштеткен "KAZ Minerals" ишканасы узаган аптадан тарта кен казуу ишин жандантты. Аны менен бирге Чаткал районундагы «Эти-Бакыр-Терек-Сай» ишканасында да жумуш жанданып, алтын өндүрүүчү жай жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери уланууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишканаларга барды.