Жаңылыктар
Санариптештирүүнүн багыты - заманбап чакырыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүүнүн багыты - заманбап чакырыктар

 “Мамлекеттин эң башкы милдети - жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү”. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн өткөн “Санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар” аттуу конференцияда билдирди. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты - санариптештирүү багытындагы милдеттерди жана келечекке болгон пландарды талкуулоо болду.