Жаңылыктар
Референдумга карата даярдыктар кандай жүрүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Референдумга карата даярдыктар кандай жүрүүдө?

10-январда өтүүчү референдумда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоого карата үгүт жүргүзгөн демилгелүү топтор мамлекеттик телеканал, радио жана басылмалардан көз караштарын коомчулукка билдире баштайт. 

Алар Боршайкомдо эфирге чыгуу убактысын аныктоо боюнча чүчү кулак кармап, КТРК жана ЭлТР тарабынан берилүүчү убакытты бөлүшүп алышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, жалы 13 үгүт тобу катталган. Анын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 8, президенттик башкаруу формасына “каршы” 1, парламенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 2, бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу бар.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксаат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт.