Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы жылга карата милиция тарабынан алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.
Тартип сакчылары жарандарды пиротехникалык каражаттарды колдонууда этият болууга чакырууда. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Укук жана тартип” аталышындагы рейд жүрүп, 350 адамдан турган 70 кожолук текшерүүгө алынды. Ар бир текшерилген кожолукка атайын даярдалган маалымат баракчалары таркатылды. Жергиликтүү тургундарга жаңы жылдык салюттарды колдонууда этият болуу керектиги эскертилди.
Ошондой эле алардын укуктары жана кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. Аталган рейддин алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бир даана сайсыз ок атуучу курал жарандар тарабынан өз ыктыяры менен милицияга тапшырылды.
Ал эми Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн жаңы жылдык кечелерди уюштурбоосу тууралуу эскертилди. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушуп, өспүрүмдөрдү ар түрдүү кылмыштуулуктан жана кырсыктардан алыс болууга үндөштү.