Жаңылыктар
ИИМ: Ош шаарынын аймагында бир жумада 206 кылмыш катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ош шаарынын аймагында бир жумада 206 кылмыш катталды

Бир жумада Ош шаарынын аймагында 206 кылмыш катталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 162 кылмыштын бети изи сууй электе ачылган. Бир адам өлүмүнө алып келген өзгөчө оор кылмыш катталып, патрулдук милиция кызматы тарабынан шектүү адам кармалды. Патрулдук милиция багыты боюнча өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында 980 жол кыймылынын эрежесин бузган факт катталды. 

Арасында айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр дагы бар. 10 айдоочу унаасын мас абалда айдап бара жатып кармалышкан. Милиция «102» кызматынын тапшырмасы менен 48 ирет жарандардын чакырууларына барып, коопсуздугун камсыз кылышты.