Жаңылыктар
Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүлгөндүгү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүлгөндүгү аныкталды

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги 1 миллион доллардан ашуун мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгүн аныктады. 

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган. 2014-2019-жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында ишкана менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 млн 60 миң 730 долларга келишим түзүп, анын негизинде аталган ишканага 63 млн 804 миң 432 сом которулуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. 

Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Жазык Кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Билип туруп пайдасыз келишим түзүү" беренелери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылды.