Жаңылыктар
Белгилүү журналист, коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү журналист, коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов көз жумду

Белгилүү журналист, коомдук ишмер Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн кайтты. Ал 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгонун жакындары билдиришти. Бейшенбек Бекешов 61 жашта эле. 

Жакындарынын айтуусунда, маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет. Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТР, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.

1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган. Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте "Айыл азыгы" деп аталган дүкөндү иштетип жаткан. 

КТРКнын жалпы жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.




"Марал радиосу" Телеграмда

"Марал радиосу" Инстаграмда


ЖАРНАМА



Айпери Жумабай кызы

 







ТЕКТЕШ МАТЕРИАЛДАР


1 ПИКИР