Жаңылыктар
Бишкектеги матрас чыгаруучу цехтен чыккан өрттүн келип чыгуу себеби такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги матрас чыгаруучу цехтен чыккан өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Бишкек шаарынын Октябрь районунда кечээ, 27-декабрь күнү саат 16:55те Матросов №1А дарегинде жайгашкан матрас чыгаруучу цехтен өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метр. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрттү өчүрүүгө тиешелүү кызматтар тартылып, өрт саат 17:31де чектөөгө алынып, саат 18:43тө толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кошумчалай кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.