Кыргызстан быйыл сыртка күмүштү көп сатты. Ушул жылдын он айында эле 10 тонна 556 килограмм күмүш экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Баалуу металлдын 220 килограммы Түркияга, калганы Швейцарияга сатылган. Алар жалпысынан 6 миллион долларга бааланды. Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан дээрлик 6,2 тонна күмүштү 3 миллион доллардан ашык акчага саткан. Аны жогорудагы өлкөлөр жана Улуу Британия сатып алган.