Нарындын Кочкор районундагы "Чолпон" кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кинотеатр былтыр оңдолуп баштап, ага республикалык бюджеттен 15 миллион сом которулган.
Салтанаттуу ачылышка министр Нуржигит Кадырбеков менен облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты. "Кинотеатрдын сырткы жана ички жасалгасы азыркы убактын талаптарына жооп берген материалдарды колдонуу менен жасалды. 300 орундуу чоң жана 33 орундуу кичи зал (3D) жасалып, жылытуу, жарык берүү системалары, заманбап техника жана жаңы креслолор орнотулду", — деп айтылат маалыматта. "Чолпон" кинотеатры 400 орундуу залы менен 1966-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2012-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өткөн.