Жаңылыктар
Коронавирустан төрт бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустан төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле учурда 343 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 261 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 24 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 104 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 885 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 373 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 820 киши айыгып чыкса, 1 миң 348 адам каза болду.