Жаңылыктар
Баткенде өнөр жай зонасы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
 Баткенде өнөр жай зонасы курулат

Баткен шаарында 28 ишкана менен өнөр жай зонасы курулат. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул үчүн өкмөттүн 2019-жылдын 21-январындагы №617 токтому менен Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жайгашкан 172,9 гектар айыл чарба жерлери "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулган.

Министрлик Баткен облусу республиканын түштүк-батышында жайгашкан жана сейрек кездешүүчү өнөр жай потенциалына ээ экенин белгиледи.

"Кен иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүгө багытталган Баткен облусунун тоо-кен өнөр жайынын минералдык-сырьелук базасы пайдалуу кендердин айрым түрлөрүнүн, биринчи кезекте сымап, сурьма, көмүр, кварц куму ж.б. өнөр жайын өнүктүрүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат", — деп айтылат маалыматта. Облустун өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги милдети жергиликтүү сырьелук базаны натыйжалуу пайдалануу болуп саналат. Билдирүүдө бул облустун тоо-кен тармагын, курулуш материалдар өнөр жайын, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын мындан ары өнүгүшүнө түрткү берери белгиленген.