Жаңылыктар
УКМК: Бишкектин архитектура мекемесинин башчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Бишкектин архитектура мекемесинин башчысы кармалды

Бишкектин башкы архитектура башкармалыгынын башчысы Асхат Түлөбердиев коррупция боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылы шаарга караштуу жер тилкелерин сатууда жасалма сатык уюштурулган. Бул кылмышка шектүү катары архитектура башкармалыгынын жетекчиси менен кошо ошол сатыкка катышкан дагы бир адам кармалды. Экөө тең атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.