Пара талап кылуу фактысы боюнча жактоочу кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 24-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунун тургунунан талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 миң сомду алып жаткан жеринен жактоочу кармалды.
Маалым болгондой, жактоочу мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.