Жаңылыктар
Балдарга президенттин жаңы жылдык белеги тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарга президенттин жаңы жылдык белеги тапшырылды

Алтынкыз Исаева үчүн быйыл жемиштүү жылдардан болду. Себеби ал өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн окууга карабай, көптөгөн сынактарда байгелүү орундарга жетишип, бүгүн да жылда берилүүчү президенттин белегине ээ болуп турат. Эмгегинин акыбети кайтып, сүйүнүчүн жашырбаган Алтынкыз келечекте дарыгер болсом деген кыялы бар.

Кырдаалга байланыштуу Ленин районунда жашаган балдарга президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төргасы Талант Мамытовдун атынан берилип жаткан белектерди Ленин райондук администрациянын башчысы тапшырып, Мамытовдун куттуктоо сөзүн балдарга жеткирди.

Көптөн бери күткөн балдардын кыялдары орундалып, президенттин белегин алып жаткан өспүрүмдөрдүн сүйүнүчүндө чек жок.

Белгилей кетсек, президенттик балаты жыл сайын уюштурулуп, иш-чарага сегиз жаштан он төрт жашка чейинки балдардын арасында мыкты окугандар, өлкөдөгү жана эл аралык ар кандай сынактардын, олимпиадалардын, мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана ошондой эле кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары балдар чакырылат.