Жаңылыктар
Райымбек Матраимовдун мүлкү мамлекетке өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Райымбек Матраимовдун мүлкү мамлекетке өтөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовдон алынган батирлерди мамлекетке өткөрүп берет. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, алынган батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбайт. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. 

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2 миллиард сом төлөөгө милдеттендирилген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп бергенин айткан. Анын сегизин УКМК кызматкерлерине калтырмай болушкан.

Бирок батирлердин чекисттерге берилиши коомчулукта катуу нааразычылык жаратты.