Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиясында өткөн отурумда курсанттарды даярдоонун жана Ички иштер министрлигинин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн негизги багыттары жөнүндө маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү ИИМдин Академиясынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышты. Билим берүү мекемесинин каржылоо жана материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.