"Манас" эл аралык аэропортунун" жетекчилиги пайда табуу максатында техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган жаран менен кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз келишимдерди түзгөн. Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 миллион 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан.
"Сатып алууларды пландаштыруу этабында кээ бир товарлардын бааларына тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан, товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чечимдерди ал жарандын компанияларынын пайдасына кабыл алуу максатында сатып алуучу башка ишканаларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшканы айтылды.
"Сынактын техникалык өзгөчөлүгү боюнча квалификациялык талаптарга жооп бербеген жаран жетектеген компаниялардын арыздарын жактырышып, башка товар тапшыруучулар сынактын кийинки этабынан негизсиз четтетилген", — дешти Башкы прокуратурадан.
Түрдүү топторго кирген товарларды бир лотко бириктирүүгө болбогондугуна карабастан, ар түрдүү техникалык жана функционалдык мүнөздөмөдөгү товарларды сатып алуу боюнча сынак лотторго бөлүнбөстөн өткөрүлүп жүргөн. Ал эми арзан бааны койгон катышуучулардын сынактык арыздарынын коммерциялык сунуштары четке кагылганы белгиленди.
Чогулган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу" менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.