Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү эки топко бөлүнүп бир убакытта эки жыйын өткөрдү. Анда ар бир топ өздөрүнүн добуш берүү жолу аркылуу төрагаларын шайлап, мындан ары ишти кандай алып кетүү керектиги тууралуу программалары менен тааныштырды. Эскерте кетсек үч жылдан бери кесиптик бирликтер федерациясындагы жамааттык пикир-келишпестиктерден улам, анын жетекчиси алмашып, иш ордунан жылбай келген. Азырынча эки тарап бир пикирге келише элек.