Быйыл пандемияга карабай өлкө боюнча 300 чакырымдай жолго асфальт төшөлдү. Анын 93 чакырымы инвестициялык долбоорлордун эсебинен ишке ашса, 200 километрден көбү мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка курулду. Быйыл да аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар бир райондо 3 чакырым аралыкка асфальт басылган.