Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу алгач Жалал-Абад шаарында болуп, өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышты. Аны менен катар облус активи менен жолугуп, социалдык жана экономикалык багыттагы бир катар көйгөлөр, аларды чечүү боюнча жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүп, тапшырмаларды берди.