Өлкөнүн Жогорку окуу жайларынан тандалган 70 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, анда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов миңдеген студенттердин ичинен тандалып чыккан студенттер билими жана аракети менен айырмаланганын жана азыркы муундан келечекте эл сыймыктары, келечек муунга үлгү болгон жана өлкөнү өнүктүрүп, даңктаган адамдар чыгат деген ишенимин билдирди.