2020-жылдын 24-декабрында УКМК ККК КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунан талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 000 сом алып жаткан жеринен А.К. аттуу жактоочу кармалды.
Такталгандай, жактоочу А.К. мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.