Жаңылыктар
Орусияга барчулардын эсине. Бишкек - Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар уюштурулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Орусияга барчулардын эсине. Бишкек - Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар уюштурулууда

Орусияга Кыргызстандан үзгүлтүксүз эки жана 9 чартердик каттамдар уюштурулууда. Мамлекеттик миграция кызматы билдиргендей, Бишкек - Москва каттамын жума сайын үзгүлтүксүз орусиялык жана кыргызстандык бир компания аткарууда. 

Үзгүлтүксүз каттам менен учуу үчүн жарандар паспорт жана коронавирус инфекциясы менен оорубагандыгы тууралуу лабораториядан справка керек. Маалым кат 2 сааттын ичинде жарактуу. Ал эми чартердик жана жүк ташыган каттамдарды Орусиянын эки компаниясы күн сайын аткарууда. Чартердик каттамда учуу үчүн орус өкмөтүнүн ушул жылдын 16-мартында кабыл алынган токтомундагы талаптарга ылайык келүү керек. 

Алар, Орусия аймагында аккредитациядан өткөн же дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрү, Орусия менен визасыз кирип-чыгуу боюнча эл аралык келишими бар өлкөлөрдүн жарандары, чет элдик жаран же жарандыгы жок бирок федерация аймагында керек болгон жогорку квалификациялуу адистер.