Жаңылыктар
Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди

Кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну тогуз коргоол – ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын өкүлдүү тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди. 

Айтымында, 17-декабрда Ямайканын Кингстон шаарында онлайн режиминде өткөн 15-сессияда ЮНЕСКО комитетинин мүчөлөрү тогул коргоол оюнун тизмеге киргизүү чечимин кабыл алган.

Кыргыздын улуттук оюну тогуз коргоол - ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын өкүлдүү тизмесине киргизилгени - өлкө үчүн дагы бир чоң жеңиш. Себеби жалпы демилгечилердин маданий мурастардын тизмесине киргизүү далалаты ишке ашып, кыргызстандыктарды кубандырууда.

Ушул жылдын февраль айында ЮНЕСКОнун талаптары боюнча Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөдөгү жалпы улуттук интеллектуалдык оюндары бар өлкөлөрдүн катышуусунда өткөн семинар-конференцияда кыргыздын тогуз коргоол оюну да ЮНЕСКОнун атайын комиссиясына тапшырылган. Алар бир жыл ичинде материал менен таанышып, текшерүүгө алышкан.