Жаңылыктар
ИИМ: карактоого шектүү кылмыштуу топ кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: карактоого шектүү кылмыштуу топ кармалды

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы карактоого шектүү кылмыштуу топту кармады. Ыкчам кызмат кармаган төрт жаран мурда соттолгон.

15-декабрда болжол менен саат 02:30 чамасында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 57 жаштагы жаран үйүндө жалгыз учурда белгисиз бет капчан үч атуул кирип, анын колун жана бутун байлап, сабашкан. Үйдү тинтип, накталай 40 миң сом акча каражаттарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Жабырлануучу Россиянын жараны. 

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин Каракчылык беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тартылып, каракчылык менен кол салууга тиешеси барлардын өздүгүн тактоого багытталган бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлгөн. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн мурда соттолгон адамдар бурдурган соң, аларга карата ыкчам иштер жүргүзүлгөн. 

Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары адам өлтүрүү, денеге оор зыян келтирүү, бейбаштык менен мурда соттолгон төрт жарандын тиешеси бардыгы аныкталып, кармалышты. Аталган кылмышка шектүү жарандар башка кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.