Жаңылыктар
2020-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен канча чакырым жол асфальтталды?
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен канча чакырым жол асфальтталды?

2020-жылы Жол чарба департаменти тарабынан мамлекеттик бюджеттин "Мамлекеттик капиталдык салымдар" эсебинен жалпы узундугу 207 жарым чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди. 

Анын айтымында, 207 жарым чакырымдын ичинен бюджеттин эсебинен 11,8 чакырым, "Мамлекеттик капиталдык салымдар "пункту боюнча 195,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү. "Анын ичинде негизги объектилер 17,9 чакырым, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун реконструкциялоо үчүн аткаруучунун эсебинен узундугу 22,5 чакырым, облустардын борборлору 3 чакырым, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын негизинде 155,3 чакырым жол оңдолду", - дейт ал. 

2020-жылы Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого асфальтбетон экинчи катмарынын курулушу аяктады. 10-декабрга карата 22,5 чакырымдын болжолдуу аткарылышы 350 млн сомду түздү.