Жаңылыктар
Кыргызстан - Өзбекстан: кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Өзбекстан: кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюлду

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен видео конференция форматында жолугушуусу болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, өз ара сооданын көлөмүн, экспортко кетүүчү товарлардын түрлөрүн кеңейтүү, өнөр жай жана өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарында соода-логистикалык борборлорду, эркин экономикалык маселелер зоналарын куруу талкууланды. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында биргелешкен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүүнүн механизмдери жана техникалык деталдары каралып, анын каражаттарын жеке секторду тартуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдалануу пландаштырылууда. Буга ылайык эки өлкөнүн экономика министрликтерине документтерди жана инвестициялык фондду түзүүнүн расмий жол-жоболорун даярдап бүтүрүү тапшырылды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен инвестициялык жана өнөр жай кооперациясы долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюлду. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн ушул форматта үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндө макулдашууга жетишишти. 

"Биз кызматташтыктын дээрлик бардык спектрин камтый алдык. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтыктын бардык тармактарын талкууладык. Ошондой эле экономикалык кызматташтыгыбызды жүзөгө ашыруу үчүн Жол картасына кол коюлду. Мен биздин кесиптештерибиз экономиканын артыкчылыктарын пайдаланууну колдоно баштаганына кубанычтамын. Биргеликте продукция үчүн жаңы базарларды өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул экономикалык өнүгүүнүн темпин интенсивдүү жогорулатууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде жарандарга жумуш ордун түзүп, калктын кирешелерин жогорулатууга шарт түзөт",- деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.