Стационарларга COVID-19 коронавирус инфекциясы менен кайрылган бейтаптардын саны азайгандыгына байланыштуу инфекциялык оорукана катары ачылган кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну токтотту.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын каржы булактарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн кабыл алынган.