Акыркы бир күндө өлкөдө коронавирусту 180 адам жуктуруп алды. Өлүм катталган жок. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жугуштуу тумоо Бишкекте 67, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 60, Ош облусунда 14, Талас аймагында 7, Нарында 4, Ысык-Көл облусунда 15, Жалал-Абад аймагында 4, Баткенде 8 кишиден табылды.
Ал эми бир суткада вирустан каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 358 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 246 бейтап дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 25 адам вирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 74 миң 177 киши айыгып чыкса, 1 миң 340 адам каза болду.