Жаңылыктар
Кеминдин тургундары үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кеминдин тургундары үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды

Бүгүн, 25-декабрда Чүй облусунун Кемин шаарында Юстиция министрлигинин Акысыз юридикалык жардам борбору ачылды. Бул Кыргызстанда ачылган Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлордун жыйырма тогузунчусу болуп саналат. 

Борбордун ачылуу аземине Юстиция министри Марат Джаманкулов, Юстиция министрлигинин астындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору Акжол Калбеков, Кемин шаарынын мэри Солайбек Досов, МКЮЖБнын юристтери менен адвокаттары, БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

“Акысыз  юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлорду түзүү алыскы айылдарда жашаган калкка сапаттуу квалификациялуу юридикалык жардамдарды алууга мүмкүндүк берет. Бул өз жарандары үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам болуп саналат. Өнөктөштөрүбүздүн жардамы аркылуу биз бүгүн ушуну менен жарандарга сапаттуу юридикалык жардам берүү үчүн керектүү шарттар менен камсыздалган 29-акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборду ачып жатабыз. Калкка МКЮЖБнын системасына кирген тажрыйбалуу юристтер менен жактоочулар кеңеш беришмекчи", - деди Юстиция министри Марат Джаманкулов.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү борборлордун негизги милдеттери – бул калктын аярлуу катмарынын укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, укуктук агартуу, укуктук жактан маалымдоо, калктын аярлуу катмарынын сот адилеттигине мүмкүндүк алуусун камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга кол кабыш кылуу, айрым категориядагы жарандардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды алуу укугун камсыз кылуу үчүн акысыз юридикалык жардам берүү. Акысыз юридикалык жардам укуктук жактан кеңеш берүү жана юридикалык маселелер боюнча оозеки кеңеш берүү жолу менен маалымдоо, ошондой эле, документтер долбоорун түзүү боюнча жардам берүү формасында көрсөтүлөт.