Жаңылыктар
Заманбап айыл чарба техникасы мол түшүмгө өбөлгө
Кыргызстан жаңылыктары
Заманбап айыл чарба техникасы мол түшүмгө өбөлгө

Жылкелди айылында коомдук үрөн фондусуна 19 үрөн тазалоочу атайын техника тапшырылды. Шаймандар "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2" долбоорунун алкагында "Агромаш" ишканасынан сатылып алынды. 

Сатып алуу наркы болжол менен 30 миллион сомду түзгөн. Саамалыкка катышкан айыл чарба министри, заманбап техникасыз айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтып, алынган атайын шаймандардын жардамы менен үрөндөрдүн түшүмдүүлүгү жана сапаты жогорулаарын билдирди.

Машиналар коомдук үрөн фондусу тарабынан Ош облусуна 6 даана, Баткен облусуна 3, Жалал-Абад облусуна 6, Ысык-Көл жана Нарын облустарына экиден бөлүштүрүлөт. Республикада коомдук үрөн фондулары мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жайыт жерлерин туура пайдалануу максатында иштейт. Алар үрөн өстүрүп, дыйкандарга таратат.