Жаңылыктар
Бишкек шаарынын абасын булгагандарга айып пул салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын абасын булгагандарга айып пул салынат

Сауна, мончо сыяктуу от жагууну талап кылган жайлар текшерилүүдө. Аны Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы жүргүзүүдө. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен борбор калаанын абасын булгаган көрүнүштөр байкалса, айып пул салынат. Тыюу салынган таштандыларды жаккан жайлар үчүн жеке жактарга беш жарым миң сомдон жети жарым миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сомдон 23 миң сомго чейинки айып пулдар каралган. 

Бишкек абасы кир шаарлардын катарына кошулду. Буга унаалардын көптүгү жана үй, мончолорду жылытууда өндүрүш калдыктарын колдонуу себеп экени айтылып келатат.