Бишкекте "Глобалдык туруктуу мектептерди изилдөө" долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн отчеттук семинары өттү.
Азыркы тапта демилге дүйнөнүн тогуз өлкөсүндө жүзөгө ашырылса, ага Кыргызстандын төрт мектеби кирген. Бүгүнкү иш-чара демилгенин алкагында инфратүзүмдүк өзгөрүүлөрдү киргизип жаткан Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектебинде өтүп, ага Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты. Министр мектептин алдына түптөлүп жаткан аллеяга балаты отургузуп, долбоордун алкагында жасалган иштерди көрүп чыкты.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев долбоорду республика боюнча жайылтууга министрлик кызыкдар экенин билдирди. Глобалдык туруктуу мектептерди изилдөө долбоорунун негизги максаты - окуучулардын ой-жүгүртүүсүн калыптандырып, табиятка болгон сүйүүсүн өнүктүрүү.