Жаңылыктар
Өлкөдөгү саясий жана социалдык тармакта жаштардын активдүүлүгү жогору
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү саясий жана социалдык тармакта жаштардын активдүүлүгү жогору

Өлкөдөгү саясий жана социалдык тармакта жаштардын активдүүлүгү жогору. Жаштарда жарандык позицияны өнүктүрүү багыты боюнча жыйын өтүп, ага аймактардан келген жаштардын өкүлдөрү катышты. 

Жыйында 2021-2026-жылдарга кыргыз жараны катары өзүн таанууну өнүктүрүү концепциясы талкууланды. Анда мамлекеттүүлүктү бекемдөө, тилди өнүктүрүү, үй-бүлө институтунун сакталышын көзөмөлдөө тууралуу сөз болду. 

Жаштар парламентинин, аймактардагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү бир катар сунуштарды ортого салып, 2026-жылга чейин ишке ашырыла турган концепцияга кошумча долбоорлорду киргизди.