Өлкөдө башкаруу формасын тандоо мүмкүнчүлүгү элдин колунда турат. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү буга чейин бир нече жолу башкаруу ыкмасы алмашканы менен, элдин тандоосу эске алынбаганын эскерет. Акыркы бир жарым айдан бери баш мыйзам калктын талкуусуна коюлуп, анда президенттин жана парламенттин укуктарын кеңейтүү, ошол эле учурда милдеттери менен жоопкерчилигин күчөтүү багытында түрдүү сунуштар айтылууда.