Жаңылыктар
Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Коопсуздук кеңешинин жыйыны

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине президенттик шайлоо менен референдумду таза, ачык-айкын, бирдей шартта жана мыйзамдын чегинде өткөрүүнү камсыздоону талап кылды. Мындан улам мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Анын алкагында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздук толугу менен камсыздалат. Шайлоону өткөрүү, мыйзам бузуулардын алдын-алуу боюнча баардык иш-аракеттер ыкчам колго алынат жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү оперативдүү штаб түзүлөт.