Жаңылыктар
Элет элинин саламаттыгы үчүн
Кыргызстан жаңылыктары
Элет элинин саламаттыгы үчүн

Кочкор районунун Мантыш айылында жаңы оорукананын курулушу аяктап, бүгүн пайдаланууга берилди. Эл аралык уюмдун жардамы менен курулушка 7 миллион сом бөлүнгөн. Баардык шарты менен салынган имарат эми бир учурда 15 бейтапты жеринен дарылоого күчү жетет. Ал үчүн заман талабына ылайык жабдыктар менен да камсыз болгон. Саамалыкка вице-премьер министр Равшанбек Сабиров катышып, ишти аткарган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мамлекет калк саламаттыгы үчүн ар дайым кам көрөөрүн айтты.