Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишмердүүлүгүнүн жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул боюнча журналисттерге мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, ал мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугу, экстремизм жана терроризмге каршы күрөш, уюшкан кылмыштуу топтордун аракетине бөгөт коюу, ошондой эле коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгын жарыялап, өткөн шайлоодо айрым күчтөрдүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берди.