Жаңылыктар
Бажы тармагынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кырдаалдык борбор ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы тармагынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кырдаалдык борбор ачылды

Кырдаалдык борбордун ишке берилиши өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды ташууда бажы администрациясынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратындагы Кырдаалдык борбордун ачылышында билдирди. 

Кырдаалдык борбор бажы көзөмөлү пункттары аркылуу товарлардын жана жүктөрдүн ташылуусун онлайн-режимде көзөмөлдөөчү тийиштүү жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен жабдылган. Мындан тышкары, борбордо жарандарды тейлөөчү колл-борбор иштейт. Айта кетсек, Кырдаалдык борбор болуп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзөт жана кырдаалды болжолдоп, альтернативдик чечимдерди иштеп чыгат, маалыматтык ресурстарды, интеллектуалдык маалыматтык технологияларды жана маалыматты чагылдыруу каражаттарын пайдалануу менен чечимдерди ыкчам иштеп чыгууну уюштурат, навигацияны колдонуу менен унаа каражаттарын көзөмөлдөп, тобокелдиктерди башкаруу тутумунун ишин талдайт.

«Кырдаалдык борборду ачуу тышкы экономикалык ишкерлик катышуучулары үчүн бирдиктүү эрежелерди камсыздоо максатында алга карай кадам болуп эсептелет. Аталган борбор - чек ара аркылуу ташылуучу бардык жүктөрдү автоматташтырылган эсептөө боюнча тутумду ишке ашыруудагы негизги курам болуп саналат»,- деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.