Жаңылыктар
Токой чарбаларына донорлордун колдоосу менен техникалар берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Токой чарбаларына донорлордун колдоосу менен техникалар берилди

Табигый байлыктарды жана токой экосистемасын сактоо, ар бир жарандын милдети болуп эсептелет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин токой чарбаларына көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстерди тапшыруу иш-чарасында билдирди. 

28 токой чарбасына берилген техникалар донорлордун колдоосу менен алынды. Ушундай эле техника 2019-жылы 13 токой чарбасына таратылган. Вице-премьер-министр белгилегендей, токой байлыктарын сактоодо көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстердин ролу чоң. 

Белгилей кетүүчү жагдай, көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстер пандемияда айыл жана шаарлардын көчөлөрүн, имараттарды дезинфекциялоого дагы колдонулган.