Нарында 10-январда өтүүчү президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Анда жалпы облус боюнча 171 шайлоо тилкеси уюшулганын шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Теңир-Тоо жергесинде 201 миңден ашык адамдын тизмеси такталды. Баарыдан мурда шайлоочулардын саламаттыгы менен коопсуздугуна көңүл бурулат. Өнөктүктү уюштурууга 2 миң 60 адис тартылган. Ушул тапта алар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окутууларына катышууда. Иштин мындай өңүтү эл арасында түшүндүрүү чараларын натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө дешет шайлоо тилкелеринин мүчөлөрү.
Ошондой эле, шайлоо учурунда санитардык талаптар так сакталышы керек. Саясий өнөктүктү өткөрүүнүн алгоритми иштелип чыккан. Саламаттык сактоо министрлиги аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул маселе коронавируска каршы күрөшүүдөгү натыйжалар жана алдыда аткарыла турган иштерди талкуулаган мекемелердин биргелешкен жыйынында көтөрүлдү.