Жогорку Кеңештин депутаттары экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үч окуудан кийин жактырды. Аталган документ бүгүн парламентте экинчи окууда каралып, талкууланган.
Бирок добуш берүү учурунда үчүнчү окууда дагы каралды. Сунушталган мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.
Анын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу. Айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү.
Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.