22-декабрь күнү кечке жуук Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу "Восход" дачасында жайгашкан таштанды талаасында 16 миң өлгөн тоокту жеке ишкер жашыруун көмүүгө аракет кылган. Жергиликтүү тургундар бул аракетке каршы турушкан. Мынча тоок эмне себептен кырылган жана адам өмүрүнө зыян алып келбейби, мамлекеттик экотехинспекциянын адистери аныктоодо.