Мамлекеттик ипотекалык компаниядан ипотека алып, бирок насыясын төлөй албай калган жарандар бүгүн тынчтык митингине чыгышты. Алар өкмөттөн ипотекалык насыянын үстөк пайызын 4 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда. Мугалим жана дарыгерлерден турган бир нече адам насыянын үстөк пайызы өсүп, айрымдары үйлөрүн алдырып коюп жатышканын айтышат.