Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көмүр тартыштыгы боюнча маселе жок. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Айтымында, республика боюнча калкка кыш мезгилине 2 миллион 460 миң тонна көмүр керектелет. Ушул тапта өлкөдө 780 көмүр кампалары иштеп жатат. Ал эми көмүрдүн сапаты текшерилгени менен суук түшкөн күндөн тарта борбор калаа ышка чулганды.