Жаңылыктар
Окуучулардын кышкы каникулу 10-январга чейин болот
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучулардын кышкы каникулу 10-январга чейин болот

Окуу планына ылайык, 2020-2021-окуу жылындагы кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, мектеп окуучулары 12 күн эс алышат. 

Үчүнчү чейрек 2021-жылдын 11-январында башталат. Ал эми онлайн же оффлайн тартибинде окутуу жөнүндө чечим эпидемиологиялык кырдаалга ылайык кабыл алынмакчы.