Жаңылыктар
Артем Новиков: Ысык-Көлдө 13 жашар кызды зордуктоо боюнча сот ишине укуктук баа берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиков: Ысык-Көлдө 13 жашар кызды зордуктоо боюнча сот ишине укуктук баа берилет

Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл областына бир күндүк иш сапары менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, сапардын жүрүшүндө Новиков аймактагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышып чыкты.

Ошондой эле ал облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп ар кыл маселелер талкууланды. Жыйында 13 жашар кызды зордуктоого шектүү эки кишини актап, бирөөнө жеңил жаза берген сот иши боюнча маселе көтөрүлүп, Артем Новиков бул терс көрүнүшкө укуктук баа берилерин билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү жана алдыда мөөнөтсүз өтө турган шайлоону таза өткөрүүнү камсыздоо тапшырмасы берилди.

Өкмөт башчынын м.а., азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында өкмөт жасап жаткан иштерге токтолду.